Жаңылыктар

14.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:19)

ЕАЭБ укугуна санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилмекчи

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө мындай тапшырманы 14-июлда Россия Федерациясынын ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында иштеген санариптик рынокторду баалоо тартибин өркүндөтүү жөнүндө демилгесин кароонун жыйынтыктары боюнча берди.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиевдин айтуусу боюнча, рыноктордун географиялык жана өнүмдүк чек араларын аныктоо маселелери дүйнө өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын көңүл борборунда турат. Бирок санаритик рыноктордун өнүгүшү жана алардагы атаандаштыктын күчөшү менен, мындай рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоо өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү маселелер пайда болууда.

"Товар рынокторунун географиялык чек араларын аныктоого карата салттуу мамилелер көбүнчө классикалык товар рыноктору үчүн туура келет. Чек аралары "элес-булас" болгон санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоодо аларды колдонуу кыйын", – деп Арман Шаккалиев түшүндүрдү.

Ушул жылдын май айында ЕЭК Коллегиясы санариптик рыноктордо укук бузууларды токтотуу боюнча эл аралык тажрыйбанын, ошондой эле "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн тажрыйбасынын негизинде даярдалган "Санариптик рыноктордогу атаандаштык жөнгө салуу" деп аталган серепти жактырды жана аны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарына колдонууга сунуш кылды. Серепте корутундулардын бири катары санариптик экономика шарттарында товар рынокторун монополияга каршы жөнгө салуу ыкмаларын бир маанилүү түшүнүүнүн жоктугу белгиленген.

Кеңештин тапшырмасына ылайык, биринчи баскычта Комиссия өлкөлөрдүн эксперттери менен биргеликте санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоо боюнча мамилелерди иштеп чыгат, андан кийин Бирликтин укугун түзөтүү боюнча тийиштүү сунушту даярдайт жана киргизет.