17-майда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын төрагалыгы астында Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумга евразиялык "бешилтиктин" профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун жана Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу өлкөлөрдүн — Өзбекстандын жана Кубанын өкүлдөрү катышышты.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБде өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизмин ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Механизмдин бардык ченемдик базасы иштелип чыкты, ЕАЭБ жөнүндө келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду жана ратификациялоонун акыркы стадиясында турат.
Отурумда ошондой эле ЕАЭБде 2030-жылга чейин Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын долбоору каралды, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча Комиссиянын курамы актуалдаштырылды.
Мындан тышкары, импорттон көз карандылыкты азайтууга багытталган өнөр жайда кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө, Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө, өнөр жай саясатынын чараларын ишке ашырууда сезимтал товарларга карата милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө, өнөр жай продукциясынын негизги түрлөрү боюнча суроо-талаптын жана сунуштун жыйынтыкталган болжолдуу баланстары, станок куруу тармагына сереп салуу жөнүндө баяндамалардын долбоорлору каралды. Акыркы баяндаманын негизинде станок куруу тармагын өнүктүрүү жөнүндө сунуштаманын долбоору даярдалып, аны тараптар да колдошту.
Күн тартибиндеги маселелерди талкуулоону жыйынтыктап жатып, Гоар Барсегян отурумдун катышуучуларына конструктивдүү дискуссия үчүн ыраазычылык билдирди жана консультативдик комитеттин кезектеги отурумун 2024-жылдын III кварталында көздөшүү форматында өткөрүүнү сунуштады.