Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулар максатында банк кепилдиктерин таануунун укуктук механизми түзүлдү
ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулар максатында банк кепилдиктерин таануунун укуктук механизми түзүлдү
10.12.2025
Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович ЕЭК Коллегиясынын отурумунда билдирди.
"Макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 13-февралында күчүнө кирген. Ал Евразия экономикалык бирлигинин бир өлкөсүнүн аймагында катталган потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн жана жөнөтүүчүлөрдүн ЕАЭБдин башка өлкөсүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышуусун камсыздоого багытталган", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Бул эл аралык келишим бир мүчө мамлекеттин банктары тарабынан башка мүчө мамлекеттин аймагында мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн берилген банк кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Бирликтин ички рыногундагы чектөөлөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан.
Ошондой эле Макулдашуу менен катар, аны ишке ашырууга багытталган ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 87 Чечими да күчүнө кирди, анда Макулдашуунун максаттары үчүн маалымат алмашуу тартиби жана банктарды тандоо критерийлеринин тизмеси бекитилген.
"Бирликтин ар бир өлкөсү Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органды аныктаган. Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда – бул финансы министрликтери, Беларуста – Улуттук банк", – деп билдирди Максим Ермолович.
Ошентип, ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулар максаттары үчүн банк кепилдиктерин таануунун укуктук механизми түзүлгөн, ал Бирликтин укугундагы чектөөлөрдү четтетет.