Россия Федерациясында миграция чөйрөсүндөгү жаңы мыйзам актылары күчүнө кирет

Евразия экономикалык комиссиясы Россия Федерациясынын миграция маселелерин жөнгө салуучу бир катар жаңы мыйзамдык жана ченемдик актыларынын кабыл алынгандыгы жана күчүнө киргендиги жөнүндө маалымдайт.

Визасыз өлкөлөрдөн чет өлкөлүк жарандардын кирүүсү боюнча экспериментти узартуу

 

Анын алкагында чет өлкөлүк жарандардын "ruID" мобилдик тиркемеси аркылуу Россия Федерациясына визасыз тартипте кирүүсүнүн жаңы эрежелерин жана шарттарын апробациялоо жүргүзүлүп жаткан эксперимент 2027-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. 2026-жылдын 30-июнунан тартып, аталган экспериментти өткөрүү мезгилинде, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу же билим алуу максатында Россияга кирген чет өлкөлүк жарандарга миграция чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, кирүүнүн максаты жөнүндө маалыматтар алар тарабынан кирүү жана болуу максаты жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалымат менен тастыкталат.

 

Эл аралык ташуулардын айдоочулары үчүн болуу мөөнөтүн узартуу тартиби

 

Эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган айдоочулар убактылуу болуу мөөнөтүн календардык жылдын ичинде жалпысынан 180 күнгө чейин узартуу үчүн "ruID" мобилдик тиркемеси аркылуу арыз бере алышат. Бул үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 468 токтомунда каралган документтерди тиркөө зарыл.

 

Миграция чөйрөсүндөгү алымдарды жогорулатуу

                                                                                                      

Миграция чөйрөсүндө мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу маанилүү жаңычылдык болуп саналат. Атап айтканда, Россия Федерациясынын жарандыгына кабыл алуу үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү 50 миң рублду түзөт (мурда – 4,2 миң рубль болгон). Жашоого уруксат берүү үчүн 30 миң рубль төлөө (мурда – 6 миң рубль), ал эми убактылуу жашоого уруксат үчүн – 15 миң рубль (мурда – 1,9 миң рубль) талап кылынат.

Медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү мөөнөттөрүн кыскартуу

 

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып, чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн жаңы эрежелери жана 30 күнгө чейин кыскартылган мөөнөттөрү күчүнө кирет.

Комиссия Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен биргеликте бул маселе боюнча маалыматтык-маалымдама материалдарын даярдоодо. Бардык зарыл маалымат ЕЭКтин расмий сайтында өз убагында жайгаштырылат

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясы өз компетенциясынын чегинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногунун иштешине болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн тийгизген таасирине жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна шайкештигине мониторинг жүргүзөт.