Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу органдардын маалыматтык өз ара иштешүүсү, ошондой эле жаныбарларга жана жаныбарлардан алынган продукцияга байкоо жүргүзүүдө санариптештирүү маселелери 17-сентябрда Сочиде өткөн "Ветеринардык контроль тутумун санариптик трансформациялоо жана контролдонуучу продукцияны ЕАЭБ рыногуна чыгаруу: укуктук негиздер, практика жана перспективалар" тегерек столунда талкууланды.
Евразия экономикалык комиссиясынын министри Валентин Татарицкий баса белгилеп өткөндөй, Бирлик өлкөлөрүнүн кызматташтыгы интеграцияланган маалыматтык тутумдун алкагында жалпы процесстерди ишке ашыруу жолу менен жүрөт, аны колдонуу мүчө мамлекеттердеги ар кандай ведомстволук маалыматтык тутумдардын шайкештигин жана маалыматтарды электрондук алмашуу жол-жоболорун унификациялоону камсыз кылат.
"Бирликте санариптик күн тартибинин максаттарына жетишүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын тездетүүгө, санариптик кайра түзүүлөрдүн эсебинен чарбакер субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, өтмө санариптик процесстердин негизинде мүчө мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин кооперациясына алып келет", — деп ишенет Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.
Дискуссиянын катышуучулары электрондук ветеринардык сертификациялоонун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин карап чыгышты, атап айтканда, ветеринардык кызматтын контролундагы товарлардын ветеринардык-санитардык экспертизасынын жана лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын берүү жана маалыматтарды иштеп чыгуу көз карашынан алганда маалыматтык тутумдардын маанилүүлүгүн белгилешти.