Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова "Антиконтрафакт-2023" форумунун алкагындагы "Контрафактылык продукциялардын жүгүртүмүнө каршы күрөшүү боюнча укук колдонуу практикасынын жаңы тренддери" сессиясында айтып берди. Ал ошондой эле өткөн жылы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө укук колдонуу практикасынын мониторингинин жыйынтыктарын сунуштады.
Нуржамал Ильясованын сөзү боюнча, 2022-жылы табылган контрафакттык товарлардын көлөмү ЕАЭБде болжол менен 8,7 миллион бирдикти түзгөн - бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге аз жана 2016-жылдан берки бардык байкоо жүргүзүү мезгилиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Мындай төмөндөө негизинен Россиядагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн эсебинен жетишилип жатат. "Ошол эле учурда табылган контрафактылык продукциялардын саны боюнча ар кандай тенденцияларды белгилеп кетүү маанилүү. Төмөндөө Арменияда – 20 эсе, Беларуста - үч эсе, Россияда – 2,2 эсе байкалган, ал эми Казакстанда – 3,3 эсе жана Кыргызстанда – 8 эсе көбөйгөнү байкалган", – деп баса белгиледи ал.
ЕЭК Департаментинин директорунун орун басарынын пикири боюнча, акыркы эки жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдары жигердүү өркүндөтүлгөн. Атап айтканда, географиялык көрсөткүчтөр институтун укуктук жөнгө салууну, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти оптималдаштыруу ишке ашырылган. Анткен менен, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти белгилеген мыйзамдар дагы жеткире иштеп чыгууну талап кылат.
2022-жылы Арменияда товардык белгилерди мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн административдик жана жазык жоопкерчилиги жөнүндө жобо киргизилген, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарына (Кыргызпатенттен тышкары) интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти колдонуу укугу берилген.
"ЕАЭБ деңгээлинде биз интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоонун жана сактоонун жаңы, санариптик чараларын түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз, – деди Нуржамал Ильясова. - Интернет тармагында интеллектуалдык менчик укуктарынын бузулушуна каршы аракеттенүүнүн негиздерин белгилеген макулдашуунун долбоору боюнча, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүндө корголуучу өнөр жай менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды издөө үчүн арналган ачык издөө тутумун түзүү боюнча ишти илгерилетип жатабыз".
Ал Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүндө Бирликтин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө табылган контрафактылык продукцияларды жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ички рынокторунда табылган контрафактылык продукцияларды эсепке алуу методикасын этап-этабы боюнча шайкеш келтирүү боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.
Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган дискуссиялык сессиянын катышуучулары интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, бажылык жөнгө салуу, онлайн-соода, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө IT-технологияларын колдонуу, параллелдүү импорт маселелерин талкуулашты.
Сессияга ошондой эле БАЭнин Экономика министрлигинин интеллектуалдык менчик боюнча министрдин орун басарынын жардамчысы Альмуайни Абдельрахман, Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинин Интеллектуалдык менчик укуктары боюнча департаментинин директору Шолпан Абдреева, Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милициянын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өкүлү Андрей Аникеев, Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун интеллектуалдык менчикти кеңейтүү бөлүмүнүн юридикалык кеңешчиси Тобиас Беднарз, "Интеллектуалдык менчик агенттиги" ЖЧКнын башкаруучу өнөктөшү (Россия Федерациясы) Анна Гревцова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов, "Академ Консалт "ЖЧК консалтинг компаниясынын директору (Армения Республикасы) Карен Карапетян, "Болотов жана Өнөктөштөр" юридикалык компаниясынын өнөктөшү (Казакстан Республикасы) Жанат Нурмагамбетов, "БелБренд Консалт" ЖЧКнын башкаруучу өнөктөшү (Беларусь Республикасы) Валентин Рачковский, "Арте" юридикалык фирмасынын өнөктөшү (Кыргыз Республикасы) Саодат Шакирова, Федералдык бажы кызматынын Соода чектөөлөрү, валюталык жана экспорттук көзөмөл башкармалыгынын интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды контролдоону камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Александр Шихранов катышышты. Иш-чаранын модератору "РусБренд" фирмалык соода маркаларын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Алексей Поповичев болду.