Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 10-11-октябрда Санкт-Петербургда өткөн "Россиялык стандартташтыруу жумалыгы" V эл аралык технологиялык форумунун алкагында "Өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүдөгү стандартташтыруу" башкы пленардык сессиясына катышты.
Форумдун катышуучулары эл аралык, регионалдык жана улуттук стандартташтырууну өнүктүрүүнүн фундаменталдык маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, күн тартибине стандартташтыруу тутумун санариптик трансформациялоо, санариптик техникалык жөнгө салуу, курулушта жана климаттык күн тартибин ишке ашыруунун алкагында жашыл стандарттарды киргизүү маселелери, балдар товарларынын индустриясын өнүктүрүүнүн негизги маселелери, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле курулуш чөйрөсүндө стандартташтыруу маселелери киргизилген.
Валентин Татарицкий мындай деп баса белгиледи: "Стандарттар – бул Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү жана аткарууга милдеттүү техникалык регламенттери боюнча биздин далил базабыз. Мында тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү үчүн тийиштүү эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыккан МАМСТ стандарттарынын тизмесине киргизүү артыкчылыктуу болуп саналат".
Министр Бирлик иштеген он жылдын ичинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө жана аларды стандарттар менен камсыздоо боюнча чоң иштер жүргүзүлгөнүнө көңүл бурду. Бүгүнкү күндө Комиссиянын аянтчасында өтө актуалдуу маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берген стандартташтыруу чөйрөсүндө координацияланган саясат жүргүзүлүүдө.
Валентин Татарицкийдин айтымында, стандарттарды (көбүнчө мамлекеттер аралык) иштеп чыгуунун жана актуалдаштыруунун натыйжалуулугун дайыма жогорулатуу керек. Бул үчүн Бирликте техрегламенттерге карата стандарттардын тизмегин түзүү жол-жоболору өркүндөтүлгөн. 2023-жылы Бирликтин алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо Тартиби кабыл алынган, ал стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын натыйжалуу өз ара иштешүүсүн жолго коюуга жардам берет. Бирликтин укугуна продукцияга талаптардын актуалдуулугун мезгил-мезгили менен баалоо жол-жобосу киргизилген. Быйылкы жылы Техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлин жана аларга карата стандарттардын тизмегин милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен баалоону жүргүзүү тартиби күчүнө кирди. 2030-жылга чейин 29 техрегламенттердин жана аларды камсыздаган стандарттардын илимий-техникалык деңгээлин баалоо пландаштырылган.
Валентин Татарицкий "ЕАЭБ алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруунун актуалдуулугун төмөнкүдөй белгиледи: "Санариптик техникалык жөнгө салуу – санариптик евразия мейкиндигиндеги эң масштабдуу долбоор. Түзүлүп жаткан санариптик платформа бизге, биринчиден, кагаз чөйрөсүнөн кетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет – техрегламенттер дароо санариптик платформада иштелип чыгат, экинчиден, санариптик платформа – бизнес жана өнөр жай үчүн шексиз артыкчылык болуп саналат, анткени ал техрегламенттерди иштеп чыгууда өз ара аракеттенүүнү кыйла жеңилдетет, үчүнчүдөн, продукцияга Бирликтин бардык милдеттүү талаптары санариптик түрдө болот, бул издөө, идентификациялоо, мындай талаптарды долбоорлоо процессине жана өндүрүшкө жүктөө үчүн абдан ыңгайлуу".
ЕЭК министри баса белгилегендей, долбоорду андан ары өнүктүрүү шайкештикти баалоо процессин санариптештирүүгө, көзөмөлдөө ишин автоматташтырууга кадам сайын жардам берет жана жалпысынан бирликтик кошумча сервистерди бул санариптик платформага кошууга мүмкүндүк берет.
Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Талгат Момышев жана Департаменттин директорунун орун басары Максим Ким Форумдун – "Санариптик техникалык жөнгө салуу – евразиялык интеграциянын негизи", "Стандартташтыруунун улуттук тутумун санариптик трансформациялоо – өнүктүрүүнүн негизги чечимдери жана багыттары", "Курулуш материалдары үчүн мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү стандартташтыруу жана калыбына келтирүү" жана "Электротехника жана электроника мисалында технологиялык лидерликке жетишүүдө стандартташтыруунун ролу" сессияларынын ишине катышышты.
Форум Дүйнөлүк стандарттар күнүн утурлай Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттик (Росстандарт) тарабынан уюштурулган.
Форумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, ири илимий-изилдөө жана билим берүү борборлорунун, өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.