Балдар жана өспүрүмдөр үчүн продукциянын коопсуздугун жогорулатууну Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Москвада балдар товарлары индустриясынын конгрессинде сунуштады. Ал мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн рыногунда эң коопсуз болушу керек деп ишенет.
Конгресстин аянтчасында бизнестин, эксперттик коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул тема боюнча пикир алышып, иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Валентин Татарицкий Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБ алкагында тиешелүү ченемдик базанын түзүлүшү жана өркүндөтүлүшү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, бирликтик документтерде өндүрүүчүлөр оюнчуктарды, кийимдерди, бут кийимдерди, башка балдар жана өспүрүмдөр товарларын даярдоодо заманбап технологияларды колдонуусу кеңири көрсөтүлүшү керек. Ошону менен бирге коопсуздук биринчи орунда турушу керек.
Ар бир бала кызыктуу, кооз оюнчук жөнүндө кыялданат. Бирок, белек аны жана ата-энени да капалантпашы жана ден-соолукка зыян келтирбеши үчүн, сатып алуу учурунда товардын бир катар мүнөздөмөлөрүнө көңүл буруу керек. Атап айтканда, белгиленген коопсуздук талаптарына жооп бериши керек жана белгилүү бир курактык критерийлерге жооп бериши керек болгон материалга, формага, жытка көңүл буруу абзел. Ал тургай, түсү дагы маанилүү — ал баланын реалдуу дүйнө түшүнүгүн бузбашы, аны коркутпашы үчүн мүмкүн болушунча табигыйга жакын болушу керек. Бардык зарыл талаптар Бирликтин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде камтылган.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө", "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө", "Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана башка техрегламенттер колдонулат, алардын талаптары негиз салуучу болуп саналат.
ЕЭК министри "балдардын психикалык саламаттыгы жана когнитивдик өнүгүүсү үчүн тобокелдиктер" эске алынышы үчүн Бирликтин тиешелүү техникалык регламенттерин өз убагында жана илимий жактан негизделген корректировкалоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
"Техрегламенттердин талаптары техникалык мүнөзгө ээ, бул бизге аларды жетишерлик ачык жол менен баалоого (сыноого же өлчөөгө) мүмкүнчүлүк берет. — деп белгиледи ЕЭК министри. — Ошону менен бирге балдар продукциясы балдардын интеллектуалдык, адеп-ахлактык, эстетикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Бирок регламенттерде буга таасир эте турган талаптар азырынча жок".
Валентин Татарицкий балдар продукциясына, анын ичинде балдардын психикасына терс таасирин тийгизбей турган санариптик оюнчукта
рга жана жасалма интеллекттүү оюнчуктарга карата талаптарды белгилөө боюнча ар кандай тажрыйбаларды изилдөө жөнүндө билдирди. Ал Европа бирлигинин "балдар продукциясына карата жөнгө салууну күчөтүү боюнча" мисалына кеңири токтолду жана бардык кызыкдар адамдарды ЕАЭБде колдонуу мүмкүндүгүнүн перспективасы менен бул тажрыйбаны тыкыр баалоого чакырды.
"Комиссия ушундай эле иштер биздин Бирликте жүргүзүлүшүнө кызыкдар. Анын үстүнө ЕАЭБ укугунда техникалык талаптарды өз убагында жана ыкчам оңдоо үчүн функционал бар. Бул жылы кабыл алынган Бирликтин техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибинин жаңы редакциясы бул документтерди жана ИИИни аткаруунун жыйынтыктары боюнча бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды тездетилген оңдоону камсыз кылат", — деп жыйынтыктады Валентин Татарицкий.