Жаңылыктар

16.05.2022 (Обновлено: 25.05.2022 16:00)

Варос Симонян жана Арзыбек Кожошев Бирликтин ички рыногун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

13-майда Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен жолугушту. Жолугушуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин ЕАЭБ мамлекет башчыларынын катышуусу менен 27-майда Бишкекте өткөрүү пландаштырылган жыйынды утурлай өткөрүлдү. Тараптар ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу боюнча ишти өркүндөтүү, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулашты.

Варос Симонян баса белгилегендей, Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө чоң көңүл бурат.

"Эл аралык соода олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жана дезинтеграциялык тобокелдиктерге туш болуп жаткан азыркы тапта, өтө ыкчам жана стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алуу зарыл. Товарлардын, жумушчу күчтөрдүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүрүүсүнө болгон тоскоолдуктарды ырааттуу четтетүү гана эмес, жаңыларынын пайда болушуна жол бербөө актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү сактап гана калбастан, аны өркүндөтүү максатында, пайда болгон чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн мындай татаал шарттарда бизге ички рыноктогу ишибизди дайыма жакшыртып жана натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.

Иш сапардын жүрүшүндө Варос Симоняндын Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу маселелерин жана 2022-жылдын февралында Бирлик өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жактырган ЕАЭБ ИМТ жүзөгө ашырууга карата мамилелерди өркүндөтүүнүн маселелерин талкуулашты.

ЕЭК министринин пикири боюнча, ЕАЭБдин ички рыногун бекемдөөгө ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарынын, баарыдан мурда өлкөлөр тарабынан биринчи кезектеги деп аныкталган жалпы интеграцияланган процесстердин айкалышуусу өбөлгө түзөт.


ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү