ЖЕЭК Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Сербия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жактырды
29.05.2026

29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин, анын мүчө мамлекеттеринин жана Сербия Республикасынын ортосундагы колдонуудагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды.


Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аталган Макулдашуунун алкагында тарифтик преференцияларды алуу үчүн аткарылышы милдеттүү болуп саналган "товарларды түз жеткирүү" деп аталган шарттын сакталышын ырастоодогу кыйынчылыктарды жөнгө салуу зарылдыгына байланыштуу.

"Макулдашууда каралган эки тарапка тең жеткирилүүчү товарларды документтик коштоо боюнча талаптарды оптималдаштырууга тиешелүү иштер мүмкүндүк берет, бул биздин сербиялык өнөктөштөрүбүз менен өз ара преференциалдык соода жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейбиз", – деп белгиледи Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга 2019-жылдын 25-октябрында кол коюлган жана 2021-жылдын 10-июлунда күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, алып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча тарифтик преференциялар, ташылып өтүүчү товарлардын келип чыгышы тастыкталган жана башка белгиленген талаптар сакталган шартта, товардык номенклатуранын 93%на карата берилет.

Мындай талаптардын бири – Макулдашуунун тараптарынын ортосунда товарларды ташуунун алкагында товарлардын өзгөрүүсүз сакталышын камсыз кылуу ("товарларды түз жеткирүү") болуп саналат, мунун документтик тастыктамасы бажы органдарына берилиши керек.