Евразия экономикалык бирлигинде техникалык жөнгө салуу призмасы аркылуу рынокко продукцияны чыгаруу механизмин өнүктүрүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко "Техникалык жөнгө салуу ЕАЭБдин БРИКС жана ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуусунун негизги фактору катары" сессиясында жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин бешинчи отурумунда айтып берди. Иш-чара 2023-жылдын 10-11-июлунда Екатеринбург шаарында "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнүн талааларында болуп өттү.
Техникалык жөнгө салуу тутумунун механизмдери соодада техникалык тоскоолдуктарды алып салуу жана өз ара соодада, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо бардык тармактарда бирликтик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн зарыл деңгээлине жетүү боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүүгө багытталган.
Виктор Назаренконун айтымында, Бирликте техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутуму калыптандырылган. Азыркы учурда 52 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 47си күчүнө кирген. Кабыл алынган техрегламенттерге стандарттардын тийиштүү базасы түзүлгөн – өз ара байланышкан стандарттардын тизмелери 15 миңден ашык позицияны, анын ичинде 10 миңден ашык МАМСТ камтыйт. Бирок, алар мезгил-мезгили менен актуалдаштырууну талап кылат.
"Техникалык регламенттердин талаптарынын жана стандарттардын тизмесинин жогорку деңгээлин колдоо үчүн бүгүнкү күндө Бирликте техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлин жана аларга карата стандарттардын тизмегин баалоо киргизилүүдө. Бул системалык деңгээлде иштеп жаткан мамлекеттер аралык стандарттарды кайра кароого жана жаңыларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берери шексиз", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Виктор Назаренко ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасын түзүүдө евразиялык өлкөлөрдүн өнөр жай министрликтеринин жана өндүрүүчүлөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
"Кайсыл болбосун кооперациялык долбоорду эл аралык талаптарга ылайык келген заманбап мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыкмайынча, натыйжалуу ишке ашыруу мүмкүн эмес. Стандартташтыруу олуттуу техникалык чечимдерди иштеп чыгууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү сапаттуу продукцияны чыгарууга мүмкүндүк берген базисти түзөт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Актуалдуу тема катары Виктор Назаренко продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо жана алардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) инструменттеринин жардамы менен ЕАЭБдин ички рыногун коргоо маселелерин козгоду.
"Азыркы учурда 520 миңден ашык сериялык шайкештик сертификаттары жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө 3,5 млн декларация чет өлкөлүк өндүрүштүн продукциясына алынды. Көрсөтүлгөн документтердин олуттуу үлүшүн берүүнүн негиздүүлүгү ревизияны, анын ичинде мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) алкагында текшерүүнү талап кылат. Бул керектөөчүлөрдү кооптуу продукциядан коргоого гана эмес, атамекендик өнөр жай үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет", – деди Виктор Назаренко.
Ал эми ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен, атап айтканда ШКУ жана БРИКС өлкөлөрү менен соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө байланыштуу, Виктор Назаренко буга биринчи кезекте тараптардын эл аралык стандарттардын негизинде рынокко жол берүүнүн милдеттүү талаптарын жана жол-жоболорун белгилөө бөлүгүндө мамилелерди шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу боюнча өз ара ниеттери өбөлгө түзүшү керек деп баса белгиледи. Ал эми келечекте – 2023-жылдын 15-апрелинде күчүнө кирген Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун негизинде техникалык тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө ушул бирикмелердин өлкөлөрү менен мүмкүн болгон айрым макулдашууларды түзүү боюнча дагы.
ЕЭК министри ошондой эле Бирликтин алкагында иштелип жаткан Продукциянын сапатын камсыздоонун евразиялык тутумун түзүү боюнча концепциянын негизги аспектилери менен бөлүштү. Ал техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө санариптик долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер жөнүндө айтып берди жана бул тармакты санариптештирүүнүн мындан аркы келечеги жөнүндө өз көз карашын билдирди.