Башкы
/
Жаңылыктар
/
Виктор Назаренко: "ЕАЭБдеги техникалык жөнгө салууну санариптик трансформациялоо рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн принципиалдуу жаңы деңгээлин камсыздайт"
Виктор Назаренко: "ЕАЭБдеги техникалык жөнгө салууну санариптик трансформациялоо рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн принципиалдуу жаңы деңгээлин камсыздайт"
22.02.2023
22-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы алдында "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун координациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
"Биздин Бирликте техникалык жөнгө салуу процесстерин санариптик трансформациялоо рыноктун катышуучуларынын ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет, — деп баса белгиледи Виктор Назаренко. — Максаттар түшүнүктүү жана актуалдуу — товарлардын коопсуздугун жогорулатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны, анын ичинде дүйнөлүк рынокко чыгаруусу".
Отурумдун катышуучулары санариптик долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө пландык отчетту даярдоого жана консорциумдун тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата кабыл алуу-өткөрүп берүү иштерин уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.
Долбоордук чечимдерди, санариптик платформанын компоненттеринин жана сервистеринин методикалык документтерин эксперттик деңгээлде иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эки эксперттик топтун (техникалык жана методологиялык маселелер боюнча) ишин уюштурууга тиешелүү маселелер талкууланды.
"Бүгүн каралып чыккан темалар пландаштырылган мөөнөттө санариптик долбоорду практикалык жүзөгө ашырууну баштоо үчүн өтө маанилүү. Убагында кабыл алынган чечимдер техникалык жөнгө салуунун санариптик инструменттерин калыптандыруунун алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.