Виталий Вовк: "Өнөр жай коперациясын каржылык колдоо – инвестициялык чынжырчаларды ишке киргизүүнүн ачкычы"

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовк Улуттук мунай-газ форумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө өнөр жай кооперациясын стимулдаштыруунун иштеп жаткан жана келечектүү механизмдери, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү куралдары жөнүндө айтып берди.

Бүгүн биздин алдыбызда өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин жөн гана сактап калуу эмес, өлкөлөрүбүздүн экономикаларынын жаңы "биригүүлөрүн" калыптандыруу милдети турат. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмдери – бул критикалык маанидеги жабдуулардын жана технологиялардын, анын ичинде ОЭК үчүн да импортунун ордун басууга мүмкүндүк бере турган инвестициялык тизмектерди ишке киргизүүнүн ачкычы болуп саналат", – деп белгиледи Виталий Вовк.

Комиссиянын өкүлү ошондой эле евразиялык технологиялык күн тартибинин артыкчылыктарына ылайык келген долбоорлорду кошо каржылоодо улуттук өнүктүрүү институттарынын ролун белгиледи.

Виталий Вовк ЕАЭБдин ченемдик базасын андан ары өнүктүрүү тоскоолдуктарды жоюуга жана өнөр жай кооперациясын "үзгүлтүксүз" каржылоо механизмдерин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Скачать исходники фотографий