Жаңылыктар
/
Виталий Вовк ЕАЭБдин атайын экономикалык аймактарында өнөр жай операциясын каржылоо механизми жөнүндө айтып берди
Виталий Вовк ЕАЭБдин атайын экономикалык аймактарында өнөр жай операциясын каржылоо механизми жөнүндө айтып берди
06.08.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовк "ЭЭА жана ӨЭА Бирлик мамлекетинин жана ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн драйверлери катары" эл аралык форумунда ЕАЭБдеги өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизминин онлайн-презентациясын өткөрдү. Иш-чара Витебск шаарында (Беларусь) болуп өттү.
"Бүгүнкү күндө эркин жана өзгөчө экономикалык аймактар өндүрүштү өнүктүрүү үчүн эң жагымдуу шарттарды – салык жана бажы жеңилдиктерин, "бир терезе" башкаруунун натыйжалуу жана ыңгайлуу тутумун, кесипкөй башкарууну сунуштайт, – деп белгиледи Виталий Вовк. – Мындай жеңилдетүүлөр менен айкалышта каржылык көмөк көрсөтүү механизмин колдонуу өндүрүүчүлөргө эң дымактуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө кооперацияны өнүктүрүүнүн жакшы өбөлгөсү болуп калат".
Виталий Вовк мүчө мамлекеттердин бизнесин каржылык кооперацияя механизмине жигердүү кошулууга чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Беларустун, Казакстандын жана Россиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, бизнес-коомдоштуктарынын жана экономикалык аймактарынын өкүлдөрү өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу багыттарын талкуулашты, ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйба алмашышты.
Форум "Витебск" ЭЭА администрациясынын демилгеси менен Россиянын кластерлер, технопарктар жана ӨЭА Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулган.