Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков ЕАЭБ Ишкер кеңеши менен Кытай эл аралык соодага көмөктөшүү комитетинин (КЭСКК) ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты. Иш-чара Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) аянтчасында болуп өттү. Документке ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун мүчөсү, РӨИБ президенти Александр Шохин жана КЭСКК вице-төрагасы Чжан Шаоган кол коюшту.
Меморандум ЕАЭБ менен Кытайдын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз кызматташтыкты тереңдетүүгө, бизнес-сапарларды жана сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга багытталган. Мындан тышкары, документте ЕАЭБ — КЭР бизнес- диалогун түзүү каралган, ал Меморандумдун тараптарынын ортосунда келишимдерди ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген орган болмокчу.
"Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ЕАЭБдин тышкы соода саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча КЭР менен товар жүгүртүү 25%га өсүп, жаңы рекорддук деңгээлге жетти. Меморандумду ишке ашыруу сооданын андан ары көбөйүшүнө жана ЕАЭБ жана Кытай компанияларынын ортосундагы ишкер байланыштардын өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенебиз", – деп белгиледи Владимир Серпиков.
Кытайдын эл аралык сооданы өнүктүрүү комитети 1952-жылы түзүлгөн жана КЭРдин эл аралык соода жана инвестициялар чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүчү жалпы мамлекеттик органы болуп саналат.