GMP стандарттарды киргизүү Москвада конференцияда талкууланды
18.09.2025
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында фармацевтика тармагынын жетишкендиктери жана өнүгүү перспективалары Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чинара Мамбеталиеванын катышуусу менен Бүткүл россиялык GMP-конференциясында талкууланды.
Дискуссиянын жүрүшүндө ЕЭК өкүлү GMP стандарттарын фармацевтикалык өндүрүшкө киргизүүнүн маанилүү ролун белгиледи.
"Дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу, демек, калктын ден соолугу да GMP эрежелерин сактоодон көз каранды", – деп белгиледи Чинара Мамбеталиева. – Бул чөйрөдө бирдиктүү ченемдерди киргизүү дары-дармектердин сапатын, фармацевтикалык ишканалардын персоналынын квалификациясын, кадрларды даярдоону жана аттестациялоону бир кыйла жакшыртты".
Чинара Мамбеталиева ошондой эле "ЕАЭБ медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын жалпы рыногу" сессиясына катышты, анын жүрүшүндө профилдик маселелер, анын ичинде фармацевтика тармагында жөнгө салуучу өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер каралды.
GMP (Good Manufacturing Practice) – бул продукциянын, анын ичинде фармацевтикалык продукциянын коопсуздугун жана натыйжалуулугун кепилдөө үчүн өндүрүшкө жана сапатты контролдоого талаптарды белгилеген эл аралык ченемдердин жана эрежелердин тутуму.