Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 042/2017) талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун) ыкмаларына карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Тизме Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн илимий–изилдөө иштеринин алкагында иштелип чыккан полиамиддерден жасалган буюмдардагы капролактамды аныктоо боюнча методика менен толукталды. Өткөөл мезгилди камсыз кылуу үчүн аны 2024-жылдын 1-октябрынан баштап колдонуу мөөнөтү белгиленген.
Ошондой эле балдардын оюн аянтчаларынын каптоолорунун жытынын көрсөткүчүн контролдоо үчүн тизмекке мурда киргизилген методиканы колдонуу мүмкүнчүлүгү такталган.
Көрсөтүлгөн тизмекке киргизилген өзгөртүүлөр Коллегиянын чечими расмий жарыяланган датадан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.