Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Транзиттик декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген укуктук актыны кабыл алды.
Чечим казакстандык тараптын демилгесинин негизинде кабыл алынды жана Казакстан Республикасынын чегинде аба транспорту менен чет өлкөлүк товарларды ташууда транзиттик декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү, Бирликтин бажы аймагына келген жердеги бажы органынан тартып, мындай аймактан кеткен жердеги бажы органына чейин.
"Кабыл алынган укуктук акт бизнестин кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүүгө, соода жол- жоболорун жеңилдетүүгө багытталган жана Казакстандын экономикасы үчүн абдан маанилүү", - деп белгиледи Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров. ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча блогунун жетекчиси жаңы укуктук жөнгө салуу транспорттун аба түрлөрү менен ташуу жөнүндө эл аралык макулдашуулардын алкагында ишке ашырыларын түшүндүрдү.
Коллегиянын 2023-жылдын 30-майындагы № 73 чечими ЕАЭБдин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктарын актуалдаштыруу максатында даярдалган жана ТЭИнин катышуучулары жана Бирликке мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан бажы транзитинин бажы жол-жоболорун колдонуу эрежелерин регламенттөө боюнча комплекстүү иштин, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасынын тиешелүү жалпы процессинин алкагында электрондук маалымат алмашууну толук ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат (жалпы процесс № 13).