Башкы
/
Жаңылыктар
/
Тамак-аш кошулмаларына техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөр киргизилди
Тамак-аш кошулмаларына техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөр киргизилди
12.11.2024
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техрегламентине (ББ ТР 029/2012) мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны өзгөрттү.
Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы тийиштүү стандарттарды иштеп чыгуусуна байланыштуу программадан алты позиция алынып салынган.
Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан стандартташтыруунун улуттук пландары актуалдаштырылгандыгына байланыштуу 11 стандартты жана эки стандартты – иштеп чыгуунун катышуучуларынын сунуштары боюнча алардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарылчылыгына байланыштуу иштеп чыгуунун мөөнөттөрү жылдырылды.