Өткөн жылдын декабрында кабыл алынган Бирликтин май-тоң май продукциясына карата техрегламентине (ББ ТР 024/2011) № 2 өзгөртүүлөрдү (№ 2 өзгөртүүлөр Кеңештин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 149 чечими менен кабыл алынган) жүзөгө ашыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бирликтин май-тоң продукциясына карата техникалык регламентине (ББ ТР 024/2011) карата Мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизген.
Өзгөртүүлөрдө 31754-2012 "Өсүмдүк майлары, жаныбарлардын тоң майлары жана алардын кайра иштетүү азыктары. Тоң май кычкылдыктарынын трансизомерлеринин массалык үлүшүн аныктоо ыкмалары" МАМСТга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Программаны 37-позиция менен ISO 18363–4:2021 негизинде "Тоң майлар жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр майлары. ГХ/МС колдонуу менен монохлорпропандиол (МХПД) тоң май кычкылдыктарынын татаал эфирлеринин жана глицидолдун камтылышын аныктоо. 4-бөлүк. Тез щелочтуу переэтерификацияны колдонуу ыкмасы жана ГХ/МС/МС колдонуу менен 2-МХПД, 3-МХПД жана глицидолдун курамын өлчөө" МАМСТ иштеп чыгуу жагында толуктоо каралган. Стандарттын жооптуу иштеп чыгуучусу – Россия Федерациясы.
Комиссиянын Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.