Косметикалык продукциянын стандарттарын иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин ишке ашырылышын жана колдонулушун камсыз кылган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү жактырды.

Өзгөртүүлөрдө беш мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын стандарттарынын негизинде парфюмериялык-косметикалык продукцияда формальдегидди аныктоо боюнча эки стандартты, ISO эл аралык стандарттарынын негизинде күндөн коргоочу каражаттарды сыноо ыкмаларына эки стандартты жана Ислам өлкөлөрүнүн SMIIC стандартташтыруу жана метрология институтунун стандартынын негизинде Halal парфюмериялык-косметикалык продукция боюнча бир стандартты иштеп чыгуу каралган.

Ошондой эле тогуз мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылган.