Жаңылыктар

10.06.2022 (Обновлено: 06.07.2022 11:29)

"Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди

ЕЭК Кеңеши Бажы бирлигинин "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Аны колдонуу чөйрөсүнөн буга чейин пайдаланууда болгон медициналык буюмдар жана техникалык каражаттар, ошондой эле аталган объектилер үчүн электромагниттик шайкештиктин талаптарын белгилөөчү Бирликтин башка техникалык регламенттеринин колдонуу чөйрөсүнө кирген продукция чыгарылып салынды.

Эксплуатациялык документацияда көрсөтүлгөн түшүнүк аппараты, маалыматтардын курамы, коопсуздук талаптарына шайкештигин сертификаттоо түрүндө тастыктоого жаткан техникалык каражаттардын тизмеги такталды.

Өзгөртүүлөр Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте иштелип чыкты жана техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсүн тактоого, Бирликтин башка кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорунун кайталанышын болтурбоого багытталган.

Өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясынын өзүнчө чечими менен, өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонуу, ошондой эле мындай документтери менен продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүү боюнча өткөөл жоболор аныкталат.

Өткөөл мезгилдин мөөнөтү буга чейин калыптанган иш-тажрыйбаны эске алуу менен белгиленет.