Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Бажы бирлигинин "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөрдө техникалык регламентти колдонуу практикасы эске алынган жана ага жаңы продукцияны (ага коюлган талаптары менен бирге) киргизүү, техрегламенттин объекттерине карата колдонуудагы талаптарды, анын түшүнүктөр аппаратын тактоо, ошондой эле шайкештикти баалоонун типтүү схемаларына ыңгайлаштыруу каралган.
Алсак, техрегламентти колдонуу чөйрөсүнө чынжырлуу кол араа менен кесип алуудан коргоочу каражаттар, курт-кумурскаларды жана жөргөмүш сымалдарды (кенелерди) качыруучу репелленттер, ошондой эле бул продукцияга карата коопсуздук талаптары киргизилет.
Мындан тышкары, бир катар жеке коргонуу каражаттарына – жалпы өндүрүштүк булгануулардан, бийиктиктен кулоодон, химиялык факторлордон, жогорку температурадан жана электр тогуна урунуудан коргоочу каражаттарга карата колдонуудагы коопсуздук талаптары такталууда.
Айрым коргонуу каражаттарына жаңы коопсуздук талаптары белгиленүүдө. Мисалы, түшүрүүчү түзүлүштөргө, анын ичинде автоматтык түрдө башкарылуучу түзүлүштөргө карата динамикалык жүк боюнча талаптар; угуу жана дем алуу органдарын коргоо каражаттарынын ызы-чууну сиңирүү көрсөткүчтөрү, баш жана колду коргоо каражаттарынын жылуулук өткөрбөөчүлүк көрсөткүчтөрү, ошондой эле салкын суудан коргоочу кийимдердин жылуулукка туруктуулук жана жылуулук өткөрбөөчүлүк көрсөткүчтөрү белгиленет.
Техникалык регламенттеги талаптардын актуалдаштырылышын эске алуу менен анын түшүнүктөр аппараты да такталууда. Анын ичинде жаңы терминдер жана алардын аныктамалары белгиленүүдө: "таасир этүүчү зат", "коргоочу түзүлүш", "репелленттик каражат", "респиратор" жана башкалар.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен, күчүнө кириши техникалык регламенттин стандарттар тизмесине тийиштүү сыноо ыкмаларынын киргизилиши менен "байланыштырылган" айрым жаңы талаптарды кошпогондо, өзгөртүүлөр жарыялангандан кийин 12 айдан соң күчүнө кирери белгиленди.