ЕАЭБдин тышкы карызы 119,7 млрд долларга кыскарды

2023-жылдын 1-октябрына карата Евразия экономикалык бирлигинде тышкы карыз 119,7 млрд АКШ долларына же 18%га кыскарган.

2022-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дүң тышкы карыз Беларуста (11,7%га) жана Россияда (26,8%га) кыскарган.

Карыз Арменияда, Казакстанда жана Кыргызстанда өскөн (тиешелүүлүгүнө жараша 9,5%; 0,8% жана 8,2%).

Тышкы дүң үлүштүн түзүмү жана динамикасы жөнүндө кеңири маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин барагында "Тышкы карыз" бөлүмүндө берилген.