Жаңылыктар

22.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 11:04)

Kazakhstan Growth Forum форумунда ЕАЭБдин иштөө маселелери талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы экономикалык шарттарда иштеши, ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев 22-сентябрда Алматыда өткөн Kazakhstan Growth Forum форумунда айтып берди.

Атап айтканда, Бакытжан Сагинтаев бажы-тарифтик жөнгө салуу, ЕАЭБдин ички рыногу жана кооперация, өз ара эсептешүүлөр сыяктуу багыттар боюнча макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууну кошо алганда, экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады.

Форумдун катышуучулары евразиялык интеграциянын бизнестин кызыкчылыгындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты.

"Евразиялык интеграциянын потенциалы улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана Бирликтин алкагында синергетикалык интеграциялык таасирлерге жетишүүгө багытталган", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Маалымат

"Kazakhstan Growth Forum" – Казакстандын бизнеси үчүн негизги иш-чара. Форум 2010-жылы Centras компанияларынын тобу тарабынан экономиканын жеке секторунун кесиптик диалогунун аянтчасы катары уюштурулган. Форумдун быйылкы жылдагы негизги темалары Казакстан үчүн чакырыктар, жаңы экономикалык багыт жана заманбап бизнес үчүн компетенциялар болду.