Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Ереванда Армения Республикасынын вице-премьери Мгер Григорян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
"Армения акыркы үч жылда ЕАЭБ алкагында экономикалык өсүштүн лидерлеринин бири бойдон калууда, – деп белгиледи Эльдар Алишеров. – Мисалы, 2024-жылы өлкөнүн экономикасы 5,9%га өскөн. Экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон калууда: 2025-жылдын февраль айында экономикалык активдүүлүктүн индекси 4,1%ды түзгөн. Эмгек рыногу оң тенденцияларды көрсөтүүдө: эмгек акынын жана жумуштуулуктун өсүшү байкалууда, жумушсуздук олуттуу төмөндөдү".
Тараптар евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө пикир алмашышты. Декларация-2030ду ишке ашыруу боюнча планды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Аны Евразия экономикалык бирлигинин өнүктүрүү боюнча субстантивдик иш-чаралар менен толтуруунун маанилүүлүгү белгиленди.