Жаңылыктар

15.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 09:02)

Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин отурумунда капиталдын эркин кыймылын камсыздоо маселелери талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук базасын түзүү жана капиталдын эркин кыймылын камсыздоо маселелери боюнча макулдашуулардын жана сунуштардын топтомун каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары талкуулашты. Отурум Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында 15-сентябрда ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында болуп өттү.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ алкагында Стандартташтырылган лицензия жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү тууралуу маселени карап чыгышты.

"Бул макулдашуунун негизги максаты - юридикалык жакты келген мамлекеттин аймагында жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча түзүүгө же сатып алууга мүмкүндүк берген, кызмат көрсөтүүлөрдүн банктык жана камсыздандыруу секторлорундагы ишмердиктин түрлөрүнө стандартташтырылган лицензияны өз ара таанууну камсыздоо болуп саналат", - деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБдин бир мүчө бир мамлекетинин брокерлерин жана дилерлерин Бирликтин башка өлкөлөрүнүн биржаларынын (соода уюштуруучуларынын) уюштурулган тооруктарына катыштырууга уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ыйгарым укуктуу органдардын, юстиция, тышкы иштер министрликтеринин жана каржылык контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген эксперттик кеңешмелердин жыйынтыктарын талкуулашты.

 

"Макулдашуу менен улуттук биржаларга брокерлердин жана дилерлердин Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларын таануу жана аларга тоорукка бирдей шарттарда түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу укугу берилген", - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Отурумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планынын үстүндө иштөөнүн жүрүшү, ошондой эле улуттук төлөм тутумдарын өнүктүрүү, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жөнгө салуу маселелери каралды.