Жаңылыктар

31.03.2023 (Обновлено: 07.04.2023 14:08)

Үрөн материалдарынын рыногунда атаандаштык эрежелерин сактоо маселелерин Коомдук кабылдаманын катышуучулары талкуулашты

29-мартта атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын отуруму болуп өттү. Иш-чара Комиссиянын You-Tube каналында трансляциялоо менен онлайн режимде өткөрүлдү. Иш чарага бизнестин өкүлдөрү үчүн атайын ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрү чакырылган.

Отурумдун катышуучулары үрөн материалдарынын чек ара аралык рынокторунда атаандаштык эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча Комиссиянын ыйгарым укуктарына байланыштуу маселелерди карашты. ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич көрсөтүлгөн рыноктордогу атаандаштыктын абалын изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Ал рынокто атаандаштык жогору жана "оюнчулардын" саны көп экендигин баса белгиледи. Комиссия бул рыноктун катышуучулары түзгөн келишимдерди тыкыр иликтеп чыгып, эксклюзивдүүлүк жөнүндө жоболордун, атап айтканда товарды кайра сатуу аймактарынын акталбагандыгына көңүл бурду.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директору Жанар Адикова ишкерлерден келип түшкөн бардык маселелер каралып, Атаандаштык боюнча блоктун "Коомдук кабылдама" бөлүмүндө жайгаштырылаарын билдирди. Атаандаштык чөйрөсүнө тиешеси жок маселелер ЕЭКтин ишкердикти өнүктүрүүгө жооптуу болгон Экономика жана каржы саясаты боюнча блогуна андан ары иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлөт.