Комиссиянын профилдик аянтчасында электрондук соода товарларына жаңы декларацияны толтуруу маселелери талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору Сергей Владимировдун төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты.

"Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялоодон өтүүдө жана жакынкы учурда күчүнө кириши мүмкүн. ЕАЭБ өлкөлөрү буга даяр болушу керек, — деп белгиледи Сергей Владимиров. — Ошону менен бирге Кодекске өзгөртүүлөр күчүнө кириши менен бир эле убакта, Комиссиянын бир катар чечимдери, анын ичинде электрондук соода товарларына декларацияны толтуруунун формасына жана тартибине тиешелүү чечим колдонула башташы керек".

Иш чаранын жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын чечиминин аталган долбоорун талкуулоо улантылды. Жалпысынан эксперттик деңгээлде жаңы бажы декларациясынын формасы боюнча макулдашууларга жетишилди жана аны толтуруу тартиби түзүлдү. Оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу жана бизнести жаңы шарттарга адаптациялоо үчүн, ЖТБ жол-жобосун жүргүзүүнүн алкагындагы долбоорду ачык талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн почта операторлорунун сунуштары талкууланды.

2023-жылдын 25-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган.