Өткөн жылы кол коюлган, бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери менен экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусу 22-июлда күчүнө кирет.
Ушул учурдан тартып ар бир тарап үчүн соодасы жалпы товар жүгүртүүнүн 90%га жакынын камтыган 367 товардык субпозицияга карата бажы алымдары нөлгө түшүрүлөт же төмөндөтүлөт. Макулдашуу аны дагы бир үч жылдык мөөнөткө аракетин автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгү менен үч жылга түзүлгөн.
Өз кезегинде, Бирликтин рыногуна жеңилдетилген режимде жогорку сапаттагы эт продукциясы, белгилүү монгол кашемири, башка өнөр жай жана айыл чарба товарлары келип түшөт."Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн жеткирүүчүлөр үчүн өзгөчө шарттар түзүлдү – Монголиянын аймакта мындай башка макулдашуулары жок. "Биздин өндүрүүчүлөр үчүн сүт азыктары, суусундуктар, кондитердик азыктар жана шоколад, автомобилдер жана жүк ташуучу унаалар, косметика жана парфюмерия, башка керектөө товарлары сыяктуу азык-түлүк жана өнөр жай товарларынын кеңири түрмөгүнө жол ачылат", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Макулдашууну ишке киргизер алдында Комиссия бизнес жана тараптардын жооптуу ведомстволору менен биргеликте жеткирүүлөрдүн мындан аркы өсүшүн камсыз кылууга багытталган бир катар негизги кадамдарды макулдашты. Атап айтканда, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде эт жана эт продукцияларын жеткирүүнү көбөйтүү, бири-биринин рынокторуна кирүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, электрондук сооданы өнүктүрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
Андрей Слепнев ишкер коомдоштукту алынган преференцияларды активдүү пайдаланууга жана монгол тарап менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды."Макулдашуунун күчүнө киришин күтүү менен тараптардын бизнеси ишкер байланыштарды активдештирди жана үстүбүздөгү жылдын башында өз ара сооданы 2025-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу үчтөн бирге көбөйттү, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Документ менен түзүлүп жаткан шарттар мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет деп ишенем".