Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Монголиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – экономика жана өнүктүрүү министри Жадамба Энхбаяр Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишими 2026-жылдын 22-июлунда күчүнө кирерин жарыялашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Андрей Слепнев Монголиянын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дуламсурэн Даваага Евразия экономикалык бирлиги тарабынан Убактылуу соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын нотасын тапшырды. Монголия тарабынан тиешелүү жол-жоболор буга чейин эле аяктаган.
Келишимди натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн тараптар иш-чаралардын планын даярдашты, аны аткаруу иштери буга чейин эле башталды."Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталууда. Биздин алдыбызда ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө колдонуу маанилүү", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.Бүгүнкү жолугушуу Келишимдин жакынкы арада күчүнө кирерин расмий белгилеген окуя гана болбостон, анын ишке ашырылышын практикалык мазмун менен толтуруу үчүн маанилүү башталгыч чекит деп эсептейбиз", – деп белгиледи видеоконференция режиминде диалогго катышкан Жадамба Энхбаяр.
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери, экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишимине 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган. Келишим күчүнө кирген учурдан тартып, ар бир тарап үчүн 367 товардык субпозиция боюнча бажы алымдары жоюлат же төмөндөтүлөт.
Келишим үч жылдык мөөнөткө түзүлдү жана аны автоматтык түрдө дагы бир үч жылдык мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Биринчи үч жылдык мөөнөт аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тараптар сооданын дээрлик бардык номенклатурасы боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ошондой эле бажы алымдарын жана башка чектөөчү эрежелерди жоюу максатында Келишимди кайра карап чыгууну башташат.