Бирликтин тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары каражаттарынын калдык курамынын чектүү деңгээлин белгилөө жөнүндө техрегламенттерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет

10-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 70 чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө, май-тоң май продукциясына, сүт жана сүт продукциясына, эт жана эт продукциясына, балык жана балык продукциясына, канаттуунун этине жана аны кайра иштетүү продукциясына карата техрегламентине болгон өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алар ветеринардык дары каражаттардын (фармакологиялык активдүү заттардын жана алардын метаболиттеринин) жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясынын калдык курамынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилейт.

Өзгөртүүлөр менен Бирликтин өлкөлөрүндө катталган, кайра иштетилбеген, ошондой эле жаныбарлардан алынган кайра иштетилген тамак-аш продукциясындагы 75 ветеринардык дары каражаттары (фармакологиялык активдүү заттар жана алардын метаболиттери) үчүн калдык курамынын максималдуу жол берилген сандык деңгээлдери аныкталды. Мындан тышкары, техрегламентте аталбаган жана (же) мүчө мамлекеттердин аймактарында катталбаган ветеринардык каражаттардын калдыктарын контролдоого карата талаптар белгиленген, бул импорттук продукция үчүн өзгөчө актуалдуу.

"Кабыл алынган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруунун натыйжасында Бирликтин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарылган тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жогорулайт. Бул ошондой эле жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары каражаттарынын калдыгын контролдоонун натыйжаларын ар кандай чечмелөө көйгөйүн жөнгө салууга жардам берет", — деп баса белгиледи ЕЭК министри Валентин Татарицкий.

Жаярдоочуларды, даярдоочулар ыйгарым укук берген адамдарды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуучуларды (жеткирүүчүлөрдү) жаңы талаптарды сактоого акырындык менен даярдоо үчүн Комиссиянын Коллегиясы ушул жылдын февралында өткөөл мезгилди белгилеген.

Кеңештин № 70 чечими менен кабыл алынган "Тамак-аштардын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине жана ЕАЭБдин (Бажы бирлигинин) тамак-аштардын айрым түрлөрүнө карата башка техникалык регламенттерине болгон өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып 18 айдын ичинде, башкача айтканда, 2026-жылдын 10-январына чейин Бирликте аны өндүрүүгө жана чыгарууга аталган техникалык регламенттерде мурда белгиленген милдеттүү талаптарга ылайык уруксат берилет. Ошол эле учурда ЕАЭБ рыногунда мындай продукцияны даярдоочу белгилеген жарамдуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө болот.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин аталган чечимин аткаруу үчүн Комиссиянын Коллегиясы ушул жылдын 25-июнунда бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн ыкмаларына болгон стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизген. Тиешелүү өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 70 чечими менен бир убакта, башкача айтканда 2024-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирет.