ЕАЭБдеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу электрондук журналынын кезектеги саны жарык көрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында "ЕАЭБдеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу" электрондук журналынын кезектеги номери жайгаштырылган.

Журналда атаандаштык маселелери боюнча, анын ичинде санариптик рыноктордо, өлкөлөрдүн мамлекеттик монополияга каршы жана тарифтик саясаты боюнча актуалдуу материалдар, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жөнгө салуучуларынын негизги учурларынын сереби топтолгон. 

Номердин авторлору нысапсыз атаандаштыкка каршы туруу ыкмалары, атаандаштык саясатын мындан ары өнүктүрүү багыттары, монополияга каршы иштерди кароодо инструменттердин спектрин кеңейтүү жана башка көптөгөн нерселер боюнча өз көз караштары менен бөлүштү.

Журнал чыгарыла баштаган мезгил аралыгында толук кандуу эксперттик аянтчага айланды, анда атаандаштык чөйрөсүндөгү адистер евразия мейкиндигинде атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча инновациялык идеяларды жана сунуштарды презентациялашат.