Жаңылыктар

14.01.2022 (Обновлено: 01.02.2022 16:33)

ЕАЭБдин тышкы жана өз ара соодасынын көлөмдөрү жогорку арым менен өсүүдө

2021-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБден тышкары өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 752 млрд АКШ долларын түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 34,3%га көп. Ковид пандемиясына чейинки, 2019-жылдын январь-ноябрындагы деңгээлден 12,6%га ашкан. Экспорт 42,5%га, импорт - 22,8%га өскөн.

2021-жылдын январь-ноябрь айларында өз ара сооданын көлөмү дээрлик 65,5 миллиард АКШ долларын түздү, бул 2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 32,4%га, ал эми 2019-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 17,8%га көп.

Өз ара соодада экспорттун көлөмүнүн өсүшү Бирликтин бардык мамлекеттеринде катталган. Эң чоң өсүш Казакстанда (35,3%) жана Россияда (35,2%) байкалган.

Толугураак статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын статистикасы" бөлүмүндө экспресс-серепте көрсөтүлгөн.