"Биз БАЭни кызматташуу үчүн эң келечектүү өнөктөштөрдүн бири катары карай тургандыгыбызды дагы бир жолу белгилеп кетким келет", - деп белгиледи Андрей Слепнев.
Ал өзүнүн маектешин апрель айында Комиссиянын Кеңеши тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен БАЭ ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобун түзүү жөнүндө буйрук кабыл алынгандыгы туурасында маалымдады. Маектештер аталган топ баяндаманы даярдоо процессин жигердүүрөөк жүргүзүүсү абзел боло тургандыгын билдиришти. Бул сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө маселени жылдын аягында ЕАЭБдин кезектеги саммитинде кароого мүмкүндүк берет.
"Жалпысынан алып караганда бизде БАЭ менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча күчтүү консенсус бар. Өткөн жумада Бирлик өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги жолугушууда чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө кызматташтыкты тереңдетүүнү колдоону кайрадан тастыкташты", - деп жыйынтыктады ЕЭКтин соода боюнча министри.
Маалымат
ЕАЭБ менен БАЭнын товар жүгүртүмү 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу 60,9%га өсүп, 6,3 млрд долларды түзгөн. Ошол эле учурда импорт болжол менен 418 миллион долларды (6,8%га азайган), экспорт 5,9 млрд долларды (69,4%га өскөн) түзгөн.