Жаңылыктар

21.09.2022 (Обновлено: 06.10.2022 13:27)

2022-жылдын I кварталында ЕАЭБдин көпчүлүк мамлекеттеринде өз ара түз инвестициялар өстү

Евразия экономикалык бирлигинин үч мүчө мамлекетинде 2022-жылынын I кварталында 2021-жылдын I кварталына салыштырмалуу өз ара түз инвестициялар өстү.

Беларуста түз инвестициялар 1,4 эсе, Казакстанда – 2,3 эсе өскөн. Кыргызстанда терс маани оң мааниге алмашкан.

ЕАЭБде негизги инвестор Россия болуп саналат (1 090,4 млн АКШ доллары).

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Өз ара инвестициялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.