Атап айтканда, жолугушуунун жүрүшүндө Ярослав областынын ишканалары менен тыгыз кооперацияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында компоненттик базаны өндүрүүнү локалдаштыруу менен дизелдик кыймылдаткычтардын линиясын түзүү боюнча долбоор талкууланды.
"Беш мамлекеттин президенттери инвестициялык кызматташууга чыгуу милдетин коюшкан жана биз бул милдеттерди биргелешкен программаларды түзүү менен чече алабыз. Алардын бири евразиялык кыймылдаткычты түзүү программасы болмокчу. Ал технологиялык эгемендүүлүктү камсыздоого жардам берет, – деди Михаил Мясникович жолугушуунун жыйынтыгы боюнча. – Бул долбоор Бирлик өлкөлөрүнүн соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө, алардын технологиялык потенциалын жогорулатууга жана кыймылдаткыч куруу чөйрөсүндө продукциянын импортунан көз карандысыздыкты камсыздоого өбөлгө болушу керек".
ЕЭК Коллегиясынын башчысынын сөзү боюнча, ярославдык ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү батыш мамлекеттеринин компанияларынын азайып бара жаткан импортун өтө олуттуу алмаштырууга мүмкүндүк берет. Ал эми кооперациянын ишке киргизилип жаткан механизмдери, анын ичинде жаңы долбоорлорду колдоо, компанияларга максаттуу түрдө бирликтеш-өлкөлөргө багыт алууга жана жыйынтыгында өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун көбөйтүүгө, кошумча рынокторго чыгууга жана жеңилдетилген насыя алууга мүмкүндүк берет.
"Ярославдык кыймылдаткыч куруучулар атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарышат жана мурда колдонулган себилдегичтердин импорттук жеткирүүлөрүн толугу менен алмаштырууга жөндөмдүү", – деп белгиледи Михаил Мясникович.
Губернатор Михаил Евраевдин айтымында, Ярослав областында диверсификацияланган өнөр жай бар. "Биз автомобиль жана химия тармактарын, машина курууну, кеме курууну, фармацевтиканы ийгиликтүү өнүктүрүп жатабыз. Бизде Бирлик өлкөлөрү менен алдыңкы илимий-техникалык чечимдерди иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, кооперацияны өнүктүрүүдө кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар", — деп белгиледи ал.
Михаил Евраев кошумчалагандай, жакын арада Ярославлда коомдук транспорт чөйрөсүндөгү каттамдарда беларустук өндүрүштөгү МАЗдар иштей баштайт, алар үчүн кыймылдаткычтар областтык борбордо чыгарылат.
"Ошондуктан бул бардыгына пайдалуу кооперация болуп саналат. Мындай кызматташтык ишке ашып жаткандыгына абдан кубанычтамын, — деди Михаил Евраев. — Бул тейлөө жагынан да натыйжалуу. Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Азыр жаңы нишалар ачылып, көптөгөн өнөр жайчылардын "көздөрү күйүп" турган чак. Адамдар жигердүү позицияда болуп, ассортиментти жогорулатып жана продукциянын сапатын жакшыртышы маанилүү".
Ошондой эле жолугушууда АӨК чөйрөсүндө кызматташтыкка көңүл бурулду. ЕАЭБ өлкөлөрү да, ярославдык өндүрүүчүлөр да тышкы соода ишмердигинин көлөмдөрүн өстүрүүгө даяр.