Евразия экономикалык бирлиги менен агроөнөр жай жана өнөр жай чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыгууну ТАРдын Кара терилүү бизнес кеңешинин президенти Элиас Монаге, ТАР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Мто Ксулу жана "Мусина-Махадо" ЭЭАнын башкы аткаруучу директору Лехлогоноло Масога Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян жана Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев менен жумушчу жолугушуулардын жүрүшүндө билдиришти.
ТАР бизнес-чөйрөлөрүнүн жана агроөнөр жай экспорттоочу-компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана ТАР ортосунда айыл чарба тармагында өз ара пайдалуу кызматташуунун перспективалары, ЕАЭБде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
"Биздин өлкөлөрдүн потенциалы бар экендиги анык, ал эми ресурстардын болушу жана биргелешкен аракеттер атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүн көлөмдөрүн өстүрүү, АӨК жогорку технологиялык продукциясынын экспортун өнүктүрүү жана ЕАЭБ агроиндустриясын өнүктүрүү картасына киргизилген кооперациялык долбоорлорго инвестицияларды тартуу үчүн ЕАЭБ
мамлекеттеринин ТАР менен өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп баса белгиледи Армен Арутюнян жолугушуунун жүрүшүндө.
Ошондой эле ТАРдын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү, анын ичинде айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдонуу, ЕАЭБдин ички рыногунда жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү маселелери талкууланды.
"Түштүк Африка өлкөлөрүндөгү өнүктүрүү программаларын, атап айтканда, Бирликте өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө иштеп жаткан технологиялардын трансфери жана мыкты тажрыйбалар боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн аянтча катары ТАРды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз", – деп белгиледи Армен Арутюнян.
Өнөр жай кооперациясынын жана ТАР кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү түштүк африкалык тарап менен болгон ишкер жолугушуулардын жүрүшүндө да каралды.
"Африкалык рынокто ЕАЭБден даяр буюмдар, машиналар жана жабдуулар жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө ээ жана өздөрүн жакшы көрсөтүштү, – деп билдирди Николай Кушнарев. — Пайдаланылбаган соода-экономикалык потенциалдын бар экендиги көрүнүп турат, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы түз байланыштар менен жигердүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү аркылуу бул потенциалды күчөтүүгө болот".