Жаңылыктар

16.05.2025

ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Андрей Аксенов дайындалды

Аксенов Андрей Николаевич 1973-жылы Минск шаарында туулган.

1995-жылы Беларус мамлекеттик университетин "Радиофизика жана электроника" адистиги боюнча бүтүргөн, 1996-жылы Беларус мамлекеттик университетинде "Экономикалык кибернетика" адистиги боюнча кайра даярдоодон өткөн.

Эмгек жолун 1995-жылы Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын Банктар аралык валюта биржасында каржы рыногунун талдоочунун жардамчысынан баштап, фонд бөлүмүнүн башчысына чейинки эмгек жолун басып өткөн.

1999-жылдан 2016-жылга чейин "Беларус валюта-фонд биржасы" ААКда жетекчи кызматтарда иштеген.

2017-жылдын январынан 2019-жылдын июлуна чейин Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин Баалуу кагаздар боюнча департаментинде жетекчи кызматтарда иштеген.

2019-жылдын августунан 2025-жылдын майына чейин — "Баалуу кагаздардын республикалык борбордук депозитарийи" республикалык унитардык ишканасынын директору.

2023-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын "Улуттук экономиканы мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

Ар кандай өлкөлөрдө (Германия, Австрия, Түркия, Чехия, Польша) финансы рынокторун уюштуруу боюнча бир катар курстардан жана стажировкалардан өткөн.

Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин, Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешине караштуу Баалуу кагаздар боюнча комитетинин, "Беларус валюта-фондулук биржасы" ААКсынын грамоталары жана ыраазычылык каттары менен белгиленген.

2025-жылдын 12-майынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.