ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Бахтияр Асаутаев дайындалды
02.09.2025
Бахтияр Берикович Асаутаев 1987-жылдын 9-февралында төрөлгөн. 2010-жылы академик Е.А. Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университетин жана Казакстан керектөөчүлөр бирлигинин Караганда экономикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек ишмердигин 2008-жылы баштаган. Караганда областынын Экономика жана бюджеттик пландоо башкармалыгында ар түрдүү кызматтарда иштеген.

2012-2019-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчисинен эл аралык экономикалык департаменттин директорунун орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

2019-2020-жылдарда Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин экономикалык интеграция департаментинин директорунун орун басары болуп турган.

2021-жылдын 11-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.

2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.