Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары болуп Алмаз Абдекиров дайындалды
ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары болуп Алмаз Абдекиров дайындалды
15.01.2026
Алмаз Тынчтыкбекович Абдекиров 1986-жылы төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетин "Колдонмо математика жана информатика" адистиги боюнча, ал эми 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын "Экономика" багыты боюнча магистрдик программасын аяктаган.
Эмгек жолун 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде стажер болуп баштап, 2025-жылдын аягына карата министрликтин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.
2026-жылдын 12-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономика саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.