Жаңылыктар

18.04.2025

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Лаура Садыкова дайындалды

Садыкова Лаура Умитбековна 1971-жылы Казакстан Республикасынын Караганда облусунда туулган.

1992-жылы К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын "зооинженер" адистиги боюнча, 1996-жылы Казак мал чарба жана тоют өндүрүү илимий-изилдөө технологиялык институтунда күндүзгү аспирантураны, 2007-жылы — каржы бакалавры квалификациясын ыйгаруу менен "Болашак" Караганды актуалдуу билим берүү университетин аяктаган.

2017-жылы Мичиган мамлекеттик университетинде (АКШ) "Экономика жана эл чарбасын башкаруу" адистиги боюнча илимий стажировкадан өткөн.

Эмгек жолун 1996-жылы илимий-изилдөө уюмунун илимий кызматкери болуп иштөөдөн баштаган. 2001-жылы Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мамлекеттик кызматка өткөн.

2002-2008-жылдары Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинде илим, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясы, кайра иштетүү өнөр жайы жана ДСУ департаменттеринде бөлүмдүн башчысынан Департаменттин директорунун орун басарына чейинки позицияларда иштеген.

2009-2011-жылдары — Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин "КазАгроИнновация" акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары.

2011-2014-жылдары — Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Казак агротехникалык университетинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары-проректору.

2015-жылы эмгек жолун Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү, индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинде Технологиялык жана инновациялык өнүктүрүү, санариптик трансформация, долбоордук башкаруу департаменттеринде жетектөөчү кызматтарда уланткан.

2021-2025-жылдары — Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин жана өнөр жай жана курулуш министрлигинин Өнөр жай саясаты департаментинин директору.

Айыл чарба илимдеринин кандидаты.

Жыйырмадан ашык илимий макалалардын автору, монографиянын жана эки селекциялык жетишкендиктердин авторлошу.

Казакстан Республикасынын мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган.

2025-жылдын 14-апрелинен тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.