Калиаскаров Сымбат Бегалиевич Караганда областынын Нурин районунда (Казакстан Республикасынын) туулган.
С. Сейфулин атындагы Акмоло агрардык университетин (2005-ж.) жана Караганда экономикалык университетин (2012-ж.) аяктаган.
2005-жылдын июнунан 2017-жылдын апрелине чейин Астана шаарында өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо чөйрөсүндө ар кандай кызматтарда иштеген: Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адисинен тартып аталган министрликтин АӨКтө Мамлекеттик инспекция комитетинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгынын башкы экспертине чейин.
2017-жылдын апрелинен 2024-жылдын июнуна чейин аталган чөйрөдө жетектөөчү кызматтарды ээлеген, анын ичинде Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин АӨКтө Мамлекеттик инспекция комитетинин Өсүмдүктөрдүн карантини жана санариптештирүү башкармалыгын жана Улытау областы жана Астана боюнча АӨКтө Аймактык инспекцияны жетектеген.
2024-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалган.