Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Евгений Бережных дайындалды
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Евгений Бережных дайындалды
30.01.2025
Евгений Викторович Бережных 1984-жылы Беларусь Республикасынын Минск шаарында туулган. 2006-жылы Беларус улуттук техникалык университетин "метрология, стандартташтыруу жана сертификаттоо" адистиги боюнча, ал эми 2015-жылы — Беларус мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" квалификациясын алуу менен аяктаган.
2006-жылдан 2015-жылга чейин Беларус Мамлекеттик стандартташтыруу жана сертификациялоо институтунда ар кандай кызматтарды ээлеген.
2016-2021-жылдары Беларус мамлекеттик метрология институтунда бөлүмдүн башчысы, шайкештикти баалоо боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
2021-2024-жылдары — Беларус мамлекеттик аккредитациялоо борборунун директору.
2024-жылдын 9-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.