Новости

17.04.2021 (Обновлено: 07.10.2021 16:18)

Артак Камалян Өзбекстандын машина куруу ишканаларына барды

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Өзбекстан Республикасына иш сапарынын алкагында Самарканддагы чоң жүк ташуучу автотранспорт техникасын чогултуу боюнча ири машина куруу ишканаларына – КАМАЗ жүк ташуучу автомобилдер өндүрүшү жайгашкан UzAuto TRAILER компаниясына, MAN чоң жүк жана жүргүнчү ташуучу техникасын өндүргөн UZ TRUCK AND BUS MOTORS ишканасына жана коммерциялык техниканы – автобустарды, жүк ташуучу жана адистештирилген автомобилдерди өндүрүү боюнча Самарканд автомобиль заводуна сапар жасады. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Өзбекстан Республикасына иш сапарынын алкагында Самарканддагы чоң жүк ташуучу автотранспорт техникасын чогултуу боюнча ири машина куруу ишканаларына – КАМАЗ жүк ташуучу автомобилдер өндүрүшү жайгашкан UzAuto TRAILER компаниясына, MAN чоң жүк жана жүргүнчү ташуучу техникасын өндүргөн UZ TRUCK AND BUS MOTORS ишканасына жана коммерциялык техниканы – автобустарды, жүк ташуучу жана адистештирилген автомобилдерди өндүрүү боюнча Самарканд автомобиль заводуна сапар жасады.
Аталган заводдордун жетекчилиги менен жолугушуулардын жүрүшүндө ЕЭК министри ЕАЭБдеги байкоочу өлкө болуп саналган Өзбекстандын Бирликтин мамлекеттери менен автомобиль куруудагы өнөр жай кооперациясын талкуулады. Буга чейин бул маселе Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун катышуусунда өткөрүлгөн ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отурумунда талкууланган эле.
Атап айтканда, кеп кошулган нарктын өндүрүштүк чынжырларын түзүү жана продукцияны перспективдүү рынокторго илгерилетүү, өз ара сооданын көлөмдөрүн көбөйтүү жана ЕАЭБдин жана Өзбекстандын машина куруу продукциясын өндүрүү жаатындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган, автомобиль куруудагы масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу болду.
«Биз Өзбекстан менен жана республиканын ишканалары менен активдүүрөөк кызматташуубуз зарыл. Бул ЕАЭБдин жана Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы «жол картасын» келечекте ишке ашыруунун фонунда өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ишканалардын кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга жана техниканы ЕАЭБдин рыногуна жеткирүүгө байланыштуу маселелерин чечүү жолдорун талкуулоо маанилүү», – деп ЕЭК министри баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Артак Камалян Комиссия Өзбекстандын Бирликтин рыногуна чыгууга кызыкдар болгон ишканаларына көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи, ошондой эле Бирликте техниканы жайгаштыруу боюнча Комиссиянын тажрыйбасын пайдаланууну сунуш кылды.