Նորություններ

27.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:05)

ЕАЭБде этке жана эт продукциясына техникалык регламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди

ЕЭК Коллегиясы "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти.

Анда 53 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу каралган, анын ичинде 34 стандарт – улуттук стандарттардын негизинде, бир стандарт – усулдардын негизинде, 15 – алгачкы жолу иштелип чыгат.

Мал союу өнүмдөрүнүн (жылкы эти, чочко эти, топоздордун эти, кой эти, козу эти ж.б.) жана эт продукциясынын (колбасалар, консервалар, паштеттер, кулинардык азыктар, балдардын азыктануусу үчүн эт продукциясы ж.б.) ар кандай түрлөрүн идентификациялоо үчүн 47 мамлекеттер аралык стандартты; жөнгө салуу объектилеринин техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоодо сыноолорду жүргүзүү (сымап жана коргошундун уулуу элементтерин аныктоо ыкмасы; балдардын азыктануусу үчүн консерваларда күрүч жана буудай унунун камтылышы; өсүмдүктөрдөн алынган гендик модификацияланган булактар ж.б.) үчүн алты стандартты иштеп чыгуу каралган.

Казакстан беш стандартты, Кыргызстан – бир стандартты, Россия – 47 стандартты иштеп чыкмакчы.