Жаңалықтар

07.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 15:01)

ЕАЭБ Вьетнамдан алып келинген аялдар кийиминин айрым түрлөрүнө жана трикотажга карата алымдарды жарым жылга кайтармакчы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Эркин соода жөнүндө макулдашууга ылайык Вьетнамдан бажы алымынын нөлдүк коюму боюнча алып келинген товарлардын бир катар түрлөрүнө карата триггердик коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим аялдардын костюмдарына, көйнөктөргө жана юбкаларга (ТЭИ ТН 6104 41 000 0, 6104 42 000 0, 6104 43 000 0, 6104 44 000 0, 6104 49 000 0, 6204 41 000 0, 6204 42 000 0, 6204 43 000 0, 6204 44 000 0, 6204 49 100 0 и 6204 49 900 0 коддору), ошондой эле трикотаж буюмдарга, пуловерлерге, кемселдерге жана кардигандарга (ТЭИ ТН 6110 коду) тиешелүү болмокчу.

Триггердик коргоо чарасы өткөн жылда импорттун көлөмдөрү белгиленген деңгээлге салыштырмалуу чоң болгондугуна байланыштуу ЕАЭБ ББТ алымынын стандарттык коюмун кайтарууну караштырат. Ошентип, каралып жаткан продукцияга карата алып келүү бажы алымдары, товардын түрүнө жараша, бир килограмм үчүн 1,5-2,2 еврого барабар өлчөмдө төлөнөт.

 "Вьетнамдык жеткирүүчүлөргө Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна продукцияны жеткирүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөр берилди. Бирок бир катар сезимтал товарлар боюнча көлөмү боюнча чектөөлөр аныкталды, – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв. – Бүгүнкү күндө биз белгиленген деңгээлдерден бир топ ашып түшүүлөрдү байкоодобуз, ал эми бул жумуш орундарына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Мындай фактылар таасирденүүнү талап кылат. Вьетнам тарап сооданын макулдашылган көлөмдөрүнө кайра кайтат деген үмүттөбүз".

Аталган чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Чаранын аракеттенүү мөөнөтү алтый ай.

Маалымат: 2016-жылдын аягынан тарта Вьетнам Социалисттик Республикасы менен алгачкы эркин соода аймагы аракеттенип келет. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин бир жылдан кийин эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүү 36,7%га өскөн. 2020-жылда Вьетнам менен соода 2019-жылга салыштырмалуу 11,7%га өсүп, 6,25 млрд АКШ долларын түздү. Ал эми экспорт дээрлик 30%га өстү.