"Сиз Казакстан Республикасында жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде гана эмес, бүткүл дүйнөдө да көрүнүктүү мамлекеттик жана эл аралык ишмер катары жогорку беделге жетиштиңиз. Бүгүн – Сиздин учурдагы эгемендүү Казакстанды түзүүдөгү чоң ролуңузду жана аны түзүү идеясы дал Сизге таандык болгон Бирлигибизди түзүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон жеке чоң салымыңызды баса бегилей кетүү үчүн мыкты себеп", – деп айтылат куттуктоо катында.
Михаил Мясникович Нурсултан Абишевичке евразиялык интеграциялык процесстерди туруктуу, ар тараптуу колдогондугу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгына активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазылыгын билдирип, ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.