Жаңалықтар

14.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:18)

Тамак-ашка техникалык регламент таңгакталган ичүүчү суу үчүн техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келтирилет

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши таңгакталган ичүүчү сууга коюлуучу талаптардагы каршылыктарды болтурбоо максатында Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Өзгөртүүлөр тамак-ашка карата горизонталдуу техникалык регламентти Евразия экономикалык бирлигинин 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет. Аталган техникалык регламент үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгил каралган.

Өзгөртүүлөр таңгакталган ичүүчү суулардын терминологиясын жана классификациясын таңгакталган ичүүчү суу үчүн техникалык регламентке ылайык түзөтүүнү караштырат – табигый минералдык суу, купаждалган ичүүчү суу, иштетилген ичүүчү суу, табигый ичүүчү суу, балдардын азыктануусу үчүн ичүүчү суу, жасалма минералдаштырылган ичүүчү суу; өлчөп куюлган ичүүчү суунун, минералдык ичүүчү суунун микробиологиялык, гигиеналык жана радиациялык коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн болтурбоону, таңгакталган ичүүчү сууга техникалык регламентте таңгакталган ичүүчү суу үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрүнө карата шилтеме болуучу ченемдерди белгилөөнү караштырат.

ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-январынан тарта, башкача айтканда, таңгакталган ичүүчү сууга техникалык регламенттин өткөөл мезгили аяктагандан кийин күчүнө кирет.