Департаменттин штаттык саны 31 кишиден турат.
Департаменттин ишмердүүлүгүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын аныктаган негизги документ – 2010-жылдын 9-декабрындагы Макулдашылган макроэкономика саясаты тууралуу макулдашуу (2015-ж. - Евразия экономикалык комиссиясы тууралуу келишим).
Департаменттин негизги милдеттери:
1) БЭМ мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууну координациялоо;
2) бирдиктүү принциптердин негизинде макулдашылган макроэкономикалык саясат түзүүгө өбөлгө түзүү;
3) БЭМ мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясат жүргүзүү чөйрөсүндө өз ара натыйжалуу иш жүргүзүүлөрүн камсыз кылуу;
4) Комиссиянын макроэкономикалык саясат чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу функцияларын ишке ашыруу;
5) Комиссиянын макроэкономикалык саясат маселелери боюнча эл аралык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эл аралык уюмдар жана органдар менен иштешүү.
Маселелерди чечүүнүн алкагында Департамент төмөнкү негизги багыттар боюнча иш алып барат:
1. Макулдашылган макроэкономикалык саясат жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга мониторинг (2015-жылдан баштап. - Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим, XIII бөлүм "Макроэкономикалык саясат" жана ага карата №14 тиркеме
2. Экономикалык серептерди даярдоо..
3. Экономикалык божомолдорду түзүү.
4. Изилдөөлөрдү жүргүзүү.
5. Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишмердүүлүгүн коштоо.
Департаментте үч бөлүм түзүлгөн:
– усулдар жана талдоо бөлүмү
– макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү учурундагы кызматташуу бөлүмү
– экономикалык саясат стратегияларынын бөлүмү
Бөлүмдөр тууралуу кыскача маалымат
Методология жана иликтөө бөлүмү төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:
1) экономикалык абалга жана экономиканын өнүгүүсүнүн перспективаларына, анын ичинде акча-насыя, бюджет саясаттарына жана мамлекеттик саясаттын социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү башка маселелерине мониторинг жүргүзөт;
2) БЭМдин мүчө-мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн божомолдорун түзөт;
3) экономиканын учурдагы жана келечектеги абалына байланыштуу докладдарды, серептөөлөрдү, негиздеме-маалыматтарды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт;
4) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук божомолдорун калыптандыруу үчүн, БЭМ мүчө-мамлекеттери макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүшү үчүн принциптерди жана сценарийлик параметрлерди аныктайт;
5) Комиссиянын башка департаменттерине макроэкономикалык саясат маселелери боюнча консультацияларды берет.
Макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү учурундагы кызматташуу бөлүмү төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык саясат маселелери боюнча макулдашууларды ишке ашыруусун координациялайт;
2) ушул макулдашууларга ылайык документтерди иштеп чыгууну координациялайт, ошондой эле мындай документтерди түздөн-түз иштеп чыгат;
3) мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзам тутумдарындагы макулдашуулардын ченемдерин чагылдыруну жөнгө салат;
4) Комиссиянын макроэкономикалык саясат маселелери боюнча чечимдеринин долбоорлорун, мамлекеттер аралык келишим жана макулдашуулардын долбоорлору жаатында корутундуларды даярдайт;
5) макулдашылган макроэкономикалык саясат чөйрөсүндө документтерди ишке ашыруу масеселери боюнча баяндамаларды, серептерди, маалымдамаларды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт;
6) мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн жана эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган башка параметрлердин динамикасын талдайт, терс өзгөрүүлөрдү табууда аларга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды даярдайт;
7) макроэкономикалык саясат маселелери боюнча кеңешме жана консультация органдарынын ишине усулдук жактан жетекчиликти уюштурат жана камсыз кылат.
Экономикалык саясат стратегиялары бөлүмү төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) экономиканын жана анын чөйрөлөрүнүн өнүгүүсүнүн расмий божомолдоруна талдоо жүргүзөт, Комиссиянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында документтерге корутунду даярдайт;
2) ЕЭП алкагында экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык максаттарынын системасын калыптандыруу боюнча, аларга жетишүү үчүн макулдашылган иш-аракеттер боюнча сунуштарды даярдайт;
3) стратегиялык максаттарды болжолдоо чөйрөсүндө улуттар үстүндөгү ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча, аларды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) иштеп чыгууларды координациялайт жана Комиссиянын ыйгарым укуктарынын алкагында экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди иштеп чыгат;
5) Комиссиянын ыйгарым укуктарынын алкагында стратегиялык максат койуу масеселери боюнча баяндамаларды, серептерди, маалымдамаларды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт;